• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Тайсон Фьюри бокска кайтып келет

Спорт 0

Бишкек, 27-апрель /Кабар/. Эң оор салмактагы дүйнө чемпиону британиялык Тайсон Фьюри бокска кайтып келерин жарыялагандыгын “Чемпионат” сайты билдирди.

“...Мен кайтып келдим. Марбельюга машыгууга бара жатам...”, -деп билдирген мушкер Instagram баракчасында.

Акыркы жолу 29 жаштагы Фьюри 2015-жылы 28-ноябрда рингге чыккан. Анда украиналык Владимир Кличкону жеңип, WBA, WBO, IBF жана IBO курларына татыктуу болгон. Андан соң британиялык мушкер уюмдун эрежелерин сактоодон баш тарткандыктан, IBF курунан айрылган.

Кличконун командасы эки ирет Фьюри менен реванш уюштурууга аракет кылышкан. Биринчисинде, ал жаракатына байланыштуу баш тартып койсо, экинчи жолу беттештин болбой калышына Фьюрини допингдик текшерүүдө кокаин аныкталгандыгы себеп болгон.

Пикир

Оставить комментарий