• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Тайванда аялы - күйөөсү “мессенджердеги” жоопсуз каттар үчүн ажырашты

Дүйнө 0

Бишкек, 20-июль /Кабар/. Тайвандагы Синьчжу шаарчасында сот күйөөсү менен ажырашам деген аялдын чечимин колдоду. Ал аялынын “месенджер Lineдагы” каттарына жооп бербей койгон деп жазат “BBC News”.

Күйөөсү алты ай аралыгында аялы жазган каттарды окуп, бирок ага жооп берген эмес. Ал аялы жол кырсыгына кабылып, ооруканага жатып калганы тууралуу маалыматка дагы таптакыр үн каткан эмес.

Күйөөсү аялына бир гана жолу кырсык болгондон бир нече апта өткөн соң, кыскача ити жөнүндө жана алган почтасын жазган. Ошондой эле, аялы күйөөсүнүн туруктуу акча таппаганына жана анын туугандары жаман мамиле кылат деп арызданган. Бирок күйөөсүнүн анын каттарына жооп бергиси келбегени аны ажырашуу чечимине түрткөн деп жазат “lenta.ru”. Line билдүүлөр - бул маанилүү далил. Ал тараптардын ортосунда байланыштын жоктугунан жана никенин жалпы көрүнүшүнөн кабар берет”,-деди ишти карап жаткан сот. Күйөөсү соттук процесске келген жок.

Ошондой эле, ал ага жөнөтүлгөн билдирүүгө жооп берген эмес. Буга карабастан, сот түгөйлөрдү ажыраштыруу чечимин чыгарган. 2016-жылы Бириккен Араб Эмиратынын тургуну ажырашуу чечимине аялын биринчи жолу боексуз көргөндөн кийин келген.

Пикир

Оставить комментарий