• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Тайванда поезд рельстен чыгып кетип, ондогон киши каза болду

Дүйнө 0

Бишкек, 02.04.21. /Кабар/. Тайвандын чыгышында 350 жүргүнчү менен бараткан Taroko Express поезди рельстен чыгып кетти. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Борбордук жаңылыктар агенттиги кабарлады.

Азырынча каза болгондор менен жабыркандар тууралуу расмий маалымат жарыялана элек.​

Reuters агенттиги Тайвандын транспорт министрине шилтеме кылып, поезд кырсыгынан 36 киши өлүп, дагы 72 жүргүнчү жаракат алганын жазды.

«Синьхуа» агенттиги жергиликтүү куткаруу кызматтарынын маалыматына таянып, кеминде 40 киши каза болгонун кабарлоодо.

CNA телеканалы болжол менен 72 киши көз жумуп, алардын арасында машинист да бар экенин билдирди.

Болжолдуу маалыматтарга караганда, кырсык поезд туннелге кирип баратканда болгон. Туура эмес токтотулган жүк ташуучу унаанын тормозу иштебей, 20 метрлик бийиктиктен темир жолго кулаган. Бул тууралуу «Пинго жибао» басылмасы жазды.

Reuters агенттиги бул акыркы 40 жылдан бери Тайванда катталган эң ири темир жол кырсыгы экенин белгилөөдө. 2018-жылы жүргүнчү поезд рельстен чыгып кетип, 31 киши көз жумган.

Пикир

Оставить комментарий