• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Тайвандагы ураган көпүрө 5 адамдын өмүрүн алып кетти

Дүйнө 0

Бишкек, 03.10.19. /Кабар/. Кечээ, Тайвандагы ураган көпүрө 5 адамдын өмүрүн алып кетти. Бул тууралуу Тайвандын борбордук маалымат агенттиги билдиргенин РИА Новости жазып чыкты.

Буга чейин, кырсыктан 10 адам жабыркап, ооруканага жеткирилгени айтылган.

"Бүгүн куткаруучулар 5 адамдын сөөгүн табышкан. Көз жумгандардын арасында индонезиялык жана филиппиндиктер болгон. Дагы бир адам изделүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Көпүрө шейшемби күнү ураган. Анда күйүүчү майды ташып бараткан унаа да кулаган. Ошол учурда көпүрөнүн астында балык улаган кайыктар болгон.

Пикир

Оставить комментарий