• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Тайвандын тургуну төшүн чоңойтуудан баш тарткан аялын өлтүрүп салды

Дүйнө 0

Бишкек. 22.02.19 /Кабар/. Тайвандын тургуну төшүн экинчи ирет чоңойтуудан баш тарткандыгы үчүн аялын, эки баласын жана өзүн өлтүрүп салды. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, Пэн Хуэй-я (Peng Hui-i) мурда күйөөсүнүн каалоосу менен төшүн операция кылдырып чоңойткон.

2018-жылдын ноябрь айынан тарта Хуэй-янын жолдошу Ву Мэн-ю (Wu Meng-yu) төшүн дагы бир жолу чоңойтууну талап кыла баштаган.

Бул себептин айынан үй-бүлөдө түшүнбөстүктөр орун ала баштап, күйөөсүнүн тынымсыз талабынан улам жаш келин ажырашууну талып кылып, 9 жаштагы уулун жана алты жаштагы кызын алып кетип калган.

Пэн Хуэй-янын ата-энеси кызы менен неберелерин акыркы жолу ажырашуунун шарттарын талкуулоо үчүн күйөөсүнүн унаасына түшүп кеткенде көрүшкөн.

Кийинчерээк полиция кызматкерлери төрт кишинин сөөгүн автоунаанын ичинен табышкан. Колу байланган аялы алдыңкы орундукта, арткысында балдары отурган.

Полициянын эки божомолу бар: үй-бүлө унаанын газына ууланышы мүмкүн, же Ву Мэн-ю өзүнүн үй-бүлөсүнө уу кошулган тамак берген болушу мүмкүн. Анткени машинанын ичинде «Макдональдсдан» буйрутма кылынган чек табылган.

Пикир

Оставить комментарий