• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Тайырбек Сарпашев: «Менин убактылуу кызматтан кетишим – биометрикалык паспортторду берүү процесстерине таасир тийгизбейт»

Коом 0

Бишкек, 13-февраль /Кабар/. «Менин Мамлекеттик каттоо кызматынан убактылуу кетишим – биометрикалык паспортторду берүү процессине таасир тийгизбейт»,-деди бүгүн «Кабар» маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында МККнын төрагасы Тайырбек Сарпашев.

Анын айтымында, ведомство акыркы жылдары системаны электрондоштуруу жана электрондук базаны түзүүдө көп иштерди аткарды.

“МККда дүйнөнүн ар кайсы тарабынан окуп келишкен, өз иштерин мыкты билген жаш адистер командасы түптөлгөн. Менин убактылуу кызматтан кетишим иш процессине таасир этпейт, бардыгы план боюнча жүрөт. Биз мурда пландагандай эле быйыл марттын аягынан тартып алгачкы биометрикалык паспорттор бериле баштайт”,-деп айтты Т.Сарпашев.

Пикир

Оставить комментарий