• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Так сүйлөй албайт. Ноокенде дайынсыз жоголгон Жаркынай Тажибаева изделүүдө

Аймак 0

Бишкек, 15.03.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда дайынсыз жоголгон Жаркынай Тажибаева изделүүдө. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Токтоболотов көчөсүнүн 34 жаштагы Жаркынай Тажибаева аттуу тургуну 2-январь күнү саат 23:00дөр чамасында жашаган үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда.

Белгилери: Бою 165-170 см, өңү кара тору, кашы, көзү кара, чачы узун, мойнунда кесилген шрамы бар, 2-топтогу майып, так сүйлөй албайт.

Кийген кийимдери: Кара түстөгү узун куртка, кара шым, кара түстөгү бут кийим болгон.

"Дайынсыз болуп жаткан Жаркынай Тажибаева тууралуу кандайдыр бир маалыматыңыздар болсо, "102" кызматына жана (03734) 5 05 44, 0755 54 00 35, 0771 05 57 75 номерлерине кайрылууңуздарды суранабыз", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий