• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Такси кызматтары иш күндөрү убакыт боюнча эч кандай чектөөлөрсүз иштейт – штаб

Коом 0

Бишкек, 01.07. 20. /Кабар/. Такси кызматтары иш күндөрү убакыт боюнча эч кандай чектөөлөрсүз иштейт. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

“Такси кызматтары иш күндөрү убакыт боюнча эч кандай чектөөлөрсүз иштейт, санитардык талаптар сакталышы зарыл. Ал эми дем алыш күндөрү (ишемби жана жекшембиде) такси иштебейт”, - деп билдиришти штабдан.

Эскерте кетсек, бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов коомдук унаалардын иш тартибине өзгөртүүлөр киргизилерин билдирди. Ал белгилегендей, иш күндөрү коомдук унаалар – троллейбус, автобус жана кичи автобустар эртең мененки саат 07:00дөн 10:00гө чейин иштеп, саат 10:00дөн 17:00гө чейин тыным алышат. Андан кийин 17:00дөн кечки 21:00гө чейин иштешет. Ишемби жана жекшемби күндөрү каттамга чыгышпайт.

Пикир

Оставить комментарий