• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

“Такталбаган маалымат тарап жатат”. Москвадагы мигранттардын мушташы боюнча элчилик үн катты

Коом 0


Бишкек, 13.07.21. /Кабар/. Кыргызстандын Россиядагы элчилиги Москванын Химки районунда мигранттардын мушташы боюнча үн катты.

Учурда Россиянын тиешелүү компетенттүү органдары тарабынан күнөөлүүлөрдү аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Ошондой эле элчилик Кыргызстандын жарандарына туруктуу негизде юридикалык жана консулдук жардам көрсөтүп жатат.

“Кыргыз жарандарына кол салынгандыгы тууралуу соцтармакта тарап жаткан маалымат боюнча түшүндүрмө берүүнү туура көрдүк. Социалдык тармактарда таратылып жаткан улуттар аралык негиздеги чыр-чатактын келип чыгуусу жөнүндөгү маалыматтар чындыкка дал келбейт. Такталбаган маалымат тарап жатат. Андыктан элчилик кыргыз жарандарын чагымчылдыкка алдырбоого, сабырдуу болууга жана Россиянын мыйзамдарын бузбоого чакырат”, - деп айтылат маалыматта.

Аталган окуядан жабыркагандардын биринин айтымында, окуя кечээ, 12-июлда эмес, жума күнү (ред.: 9-июль) болгон.

“Соцтармакта тарап жаткан маалыматтарга ишенбеңиздер. Тиги же бул жерге чогулгула деген билдирүүлөргө көңүл коюп, барып албаңыздар. Ошондой эле биздин атыбыздан банктан атайын эсеп ачылды деген маалыматтар тарап жатат. Бул эсепти ким ачканын билбейм”, - дейт жабыркаган кыргыз жараны.

Эскерте кетсек, ЖМКлар Москванын Химки районунда кыргыз-тажик жарандары ортосунда массалык мушташ чыкканын жазып чыгышкан.

Пикир

Оставить комментарий