• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Тактоо иретинде: III ДКО даярдык көрүү алкагында бюджеттен 10 млн сом бөлүнөт

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 27.03.18 /Кабар/. Тактоо иретинде: III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна даярдык көрүү алкагында бюджеттен 10 млн сом көлөмүндө каражат бөлүнөт. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Эске салсак, Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин кечээ, 26-мартында өткөн жыйынында Өкмөт Жогорку Кеӊешке 2018-жылдын сентябрь айында Ысык-Көлдө өтө турган III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна жана ага коштолгон иш-чараларга даярдык көрүү алкагында бюджеттен 10 млн сом көлөмүндө каражат бөлүү сунушун берген. Тармактык комитет мындай сунушту колдоду.

Каржы министри Адылбек Касымалиевдин айтымында, бюджеттен суралып жаткан каражаттын булактары аныкталган жана аны сарамжалдуу пайдалануу көзөмөлгө алынмакчы.

Белгилей кетчү нерсе, аталган каражат «Чолпон-Ата» атмайданын оӊдоо үчүн эмес, сентябрь айында өтө турган III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна жана ага коштолгон иш-чараларга даярдык көрүү алкагында бөлүнүүдө.

Пикир

Оставить комментарий