• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Талант Мамытов ЕЭКтин штаб-квартирасына барды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 08.12.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Россия Федерациясындагы иш сапарынын алкагында Евразиялык экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович менен жолугушту.

Парламенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушууга Жогорку Кеңештин депутаттары жана Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын мүчөлөрү катышты.

Тараптар Жогорку Евразиялык экономикалык комиссиясынын жакында өтө турган жыйынын күн тартибин талкуулап, андан тышкары жалпы Евразиялык интеграцияны өнүтүрүү маселелерине токтолушту.

Өз кезегинде Евразиялык экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович "Евразия экономикалык комиссиясы Кыргыз Республикасы менен тыгыз кызматташтыкты иш алып барууда", - деп белгилеп, Евразиялык интеграция маселесине жакындан көңүл бургандыгы үчүн Төрага Талант Мамытов баштаган Жогорку Кеңештин депутаттарына ыраазычылык билдирди.

Ал эми Кыргыз Республикасынын президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов чечимдерди кабыл алуу тартибин аныктоо, анын ичинен КМШ өлкөлөрүнүн парламенттер аралык байланышын пайдалануу зарылчылыгына токтолду. Муну менен катар кыргыз тарап биримдиктин тышкы соода-экономикалык алакаларын арттырууга, ЕАЭБ мамлекеттеринин ортосундагы соода тоскоолдуктарын алуу аркылуу байланыштарды чыңдоого кызыкдар экендигин кошумчалады. Ошондой эле төрага үчүнчү өлкөлөр менен эл аралык кызматташтыкты калыптандыруу боюнча биримдиктин ишмердүүлүгү ЕАЭБ ичиндеги бардык тоскоолдуктарды жана чектөөлөрдү алуу менен ишке ашырылышы керектигин белгиледи.

"Евразия биримдигинин ичиндеги соода байланыштарынын карама-каршылыктарын жойбой туруп, башка өлкөлөр менен кызматташтыкты калыптандыруу, товарларды сатуу жана кызмат көрсөтүү үчүн базарларды ачуусун камсыздоо мүмкүн эмес", - деди Талант Мамытов.

Пикир

Оставить комментарий