• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Талант Мамытов ЕККУ ПАнын төрайымы Маргарета Седерфельдт менен жолугушту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 12.04.22. /Кабар/. Күн мурун, 11-апрелде, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Парламенттик ассамблеясынын (ЕККУ ПА) төрайымы, Швеция парламентинин мүчөсү Маргарета Седерфельдт менен жолугушту.

Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууга Жогорку Кеңештин жана Швеция парламентинин депутаттары катышты.

Баарлашуу маалында ЕККУ алкагында байланышты өнүктүрүү маселелери талкууланып, Кыргызстан менен Швециянын ортосундагы алаканы, айрыкча парламенттер аралык кызматташтыкты арттыруу боюнча сөз болду.

Төрага Талант Мамытов Кыргызстан жалпы Европа биримдиги, анын ичинен Швеция мамлекети менен саясий диалогду кеңейтүүгө, ар тараптуу байланыштарды чыңдоого кызыкдар экендигин белгиледи.

“Быйыл дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнө 30 жыл болду. Мына ушул жылдар аралыгында калыптанган кызматташтыкты, мындан ары да жемиштүү улантуубуз кажет. Жогорку Кеңештин учурдагы чакырылышы да мамлекеттер аралык байланышты бекемдөөгө бардык күч аракетин жумшайт”, – деди төрага. Муну менен катар депутаттык достук топторунун деңгээлиндеги кызматташтыкты өнүктүрүү өзгөчө мааниге ээ экенин кошумчалады.

Ошондой эле БУУнун жана анын Өнүктүрүү программасынын алкагында жасалып жаткан иштерге токтолгон Талант Мамытов: “Өткөн жылдын сентябрында өткөн БУУнун Башкы ассамблеясында Президентибиз Садыр Жапаров баяндама жасап, 2022-жылды “Тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн эл аралык жылы” деп жарыялоону жана 2023-2027-жылдарга карата “Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча беш жылдык иш-аракеттер” концепциясын демилгелеген. Ага ылайык, кийинки 77-сессияда Кыргызстан тарабынан атайын резолюция сунушталаары күтүлүүдө. Андыктан аталган иш-чараларга жигердүү катышып, сунушталган резолюцияны колдоп берүүңүздөрдү өтүнөм”, – деди.

Өз кезегинде Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Парламенттик ассамблеясынын төрайымы, Швеция парламентинин мүчөсү Маргарета Седерфельдт ЕККУ жана Швеция Кыргызстан менен болгон ар тараптуу кызматташтыкка зор маани берерин белгилеп: “Бул жолугушуу мындан аркы кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө өбөлгө түзөт деген ишеничтемин”, – деди.

Ошондой эле парламенттер аралык байланышты өнүктүрүү, достук топторунун алакасын активдештирүү жана эки тараптуу иш сапарларды уюштуруу маселелерине токтолгон Маргарета Седерфельдт айтылган бардык сунуштар эске алынаарын кошумчалады.

Мындан тышкары, жолугушууда айымдар үчүн парламентте бөлүнгөн квоталар тууралуу сөз болуп, жалпы аялдардын саясий айдыңдагы активдүүлүгүн жогорулатуу маселелери козголду.

Пикир

Оставить комментарий