• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Талант Мамытов Иран парламентинин төрагасы менен жолугушту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 05.08.21. /Кабар/. Бүгүн, 4-августта Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Иран Ислам Республикасынын Ислам Кеңеши меджлисинин төрагасы Мохаммад Багер Галибаф менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуу Ирандын президенти аятолла Сейед Эбрахим Раисинин инаугурациясынын расмий салтанатына байланыштуу Кыргызстандын парламенттик делегациясынын Тегеранга иш сапарынын алкагында болду.

Жолугушууга ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары Каныбек Иманалиев, Замирбек Эсенаманов жана Кыргызстандын Ирандагы элчиси Турдакун Сыдыков катышты.

Маектешүү учурунда тараптар эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришип, туризм, инвестициялар, медициналык туризм, инженердик-техникалык кызматтар ж.б.чөйрөлөрдөгү кызматташтыктын перспективаларын талкуулашты.

Мохаммад Багер Галибаф чакырууну кабыл алганы үчүн Төрага Талант Мамытовго ыраазычылык билдирип, Иран менен Кыргызстандын ортосундагы мамиле жалпы жонунан жакшы өнүгүп жатканын белгиледи. ”Сиздердин келгениңиздер бул мамилелерди ого бетер чыңдайт”,- деди ал. Мындан тышкары, Галибаф мырза Кыргызстандагы парламенттик шайлоолордун мөөнөтүнө кызыкты.

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов чакыруу үчүн ыраазычылык билдирип, Ирандын элин жаңы мамлекет башчысын ийгиликтүү шайлап алышы менен куттуктады. Андан соң ал маектешине Кыргызстанда болуп өткөн саясий процесстер тууралуу маалымат берип, Жогорку Кеңештин жаңы курамы быйыл октябрда шайланарын билдирди.

“Азыркы учурда Кыргызстандын парламентинде мыйзамдарды Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясына шайкеш келтирүүгө байланышкан жумуштар көп. Бизде да, сиздерде да саясий процесстер активдүү өнүгүп жатат, бирок, муну менен катар эле биз эки тараптуу соода-экономикалык мамилелерибизди да өнүктүрүүгө тийишпиз. Тилеке каршы, пандемия көп пландарыбызды ишке ашырууга жолтоо болду. Азыркы учурда биздин өлкөлөрдүн темир жол уюмдары Түркмөнстан жана Өзбекстан менен бирдикте кызматташууну баштап, бир нече кеңешме өткөрүштү, ал Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди мындан аркы өнүктүрүүгө түрткү берет”, - деп белгиледиТ.Мамытов.

Мохаммад Багер Галибаф бул пикирди колдоп, эки өлкө темир жол, автомобиль жолдору байланышын жана авиакаттамдарды өнүктүрүүгө тийиш экендигин белгиледи. ”Биздин өлкөлөр мамиледе колдо бар пайдубалды, атап айтканда, ШКУну пайдаланышы керек. Бул уюмга мүчө болоордо Кыргызстан Иранды колдогон, бул үчүн Кыргызстанга ыраазычылык билдирем”,- деди Иран парламентинин спикери.

Сөзүнүн соңунда ал Иранга келгени үчүн төрага Т.Мамытовго дагы бир ирет ыраазычылык билдирди.

Белгилей кетсек, иш сапардын алкагында Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовдун Ирандын жетекчилери, ошондой эле инаугуруация салтанатына келген чет элдик делегациялардын жетекчилери менен дагы бир катар жолугушуулары пландаштырылууда.

Пикир

Оставить комментарий