• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Мамытов Камбар-Ата ГЭС-2ни модернизациялоо боюнча долбоорлор менен таанышты

Президент 0

Бишкек, 19.12.20./Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 19-декабрда Жалал-Абад облусуна иш сапарынын алкагында Камбар-Ата ГЭС-2нин экинчи блогун ишке киргизүү долбоору менен таанышты.

Мамлекет башчысынын милдетин аткаруучуга маалымдагандай, Кыргызстанда Нарын дарыясы электр энергиянын негизги булагы болуп саналат, анда төмөнкү суу электр станциялары жайгашкан — Токтогул, Күрпсай, Таш-Көмүр, Шамалды-Сай, Үч-Коргон жана «Камбар-Ата-2».

Камбар-Ата ГЭС-2нин жалпы долбоордук кубаттуулугу 360 МВт (ар бири 120 МВт үч блок). Азыркы учурда бул жерде 120 МВт кубаттуулуктагы биринчи блок иштеп жатат, расмий түрдө 2010-жылдын 30-августунда пайдаланууга берилген.

Экинчи гидроагрегатты ишке киргизүү үчүн инвестицияларды издөөнүн натыйжасында Евразия Өнүктүрүү Банкы жана Евразия стабилдештирүү менен өнүктүрүү фондусу менен жеңилдетилген насыяларды тартуу боюнча келишим түзүлдү.

«Камбар-Ата ГЭС-2нин экинчи сууагрегатын ишке киргизүү» долбоору 120 МВт кубаттуулуктагы станциянын экинчи сууагрегатын ишке киргизүүнү, ошондой эле 500 кВт (ОРУ) ачык бөлүштүрүүчү түзүлүштү курууну камтыйт.

Ошондой эле, азыркы учурда, Камбар-Ата-2 жана Күрпсай ГЭСтеринин ортосундагы 110 кВ аба электр чубалгыларынын өткөрүү мүмкүнчүлүгүнүн чектелгендигине байланыштуу, Камбар-Ата ГЭС-2нин биринчи блогу мүмкүн болгон 120 МВттын ичинен 80-90 МВт гана жүк менен иштеп жатат.

500 кВ ОРУ курулманын курулушунан кийин, биринчи агрегаттын «жабык» кубаттуулугун бошотуп, 40 МВтка жакын кошумча өсүш алууга болот. Бошотуунун натыйжасында Камбар-Ата 2 ГЭСинин жалпы кубаттуулугу 240 МВтты түзөт жана ошондой эле өндүрүлгөн кубаттулукту «Датка-Кемин» линиясына берүүгө мүмкүнчүлүгү берилет.

Президенттин м.а Талант Мамытов плотина жана машиналык цехти көрүп чыкты, ошондой эле Камбар-Ата-2 ГЭСинин иши жана курулуш иштеринин жүрүшү жөнүндө маалымат менен таанышты.

Мамлекет башчысынын милдетин аткаруучу республикада электр энергиясын керектөөнүн өсүшүнө байланыштуу калган агрегаттарды тезирээк ишке киргизүү зарылдыгын белгиледи.

«Бизнестин жана калктын электр энергиясына болгон муктаждыгы жыл сайын туруктуу өсүүдө, ошол эле учурда биз колдо болгон энергетикалык ресурстардын ондон бир бөлүгүн гана пайдаланабыз. Ошондуктан ГЭСтин кубаттуулугун жогорулатып, көбүрөөк энергия иштеп чыгуу керек», — деп билдирди Талант Мамытов.

Президенттин м.а куруучулар жана энергетиктерди мамлекет бул ири долбоорду ишке ашырууга ар тараптуу жардам көрсөтөт деп ишендирди.

Пикир

Оставить комментарий