• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Талант Мамытов КМШ ПАА жана ЖККУ ПАнын эл аралык байкоочулары менен жолукту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 10.04.21. /Кабар/. Бүгүн, 10-апрелде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Талант Мамытов Конституциянын жаңы долбоору боюнча уюштурулган референдумга карата даярдык жана аны өткөрүү жараяндарына мониторинг жүргүзүү үчүн келген Көз каранды эмес мамлекеттердин шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) жана Жаматтык коопсуздук келишими уюмунун Парламенттик ассамблеясынын (ЖККУ ПА) эл аралык байкоочулар миссиясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Талант Мамытов бүгүн биздин өлкөбүздө демократиялык шайлоолорду эл аралык стандарттарга ылайык өткөрүү үчүн бардык шарттар түзүлгөнүн белгиледи. “Кыргызстанда шайлоонун жүрүшүндө коомдук тартиптин жогорку деңгээлин камсыздоо үчүн бардык чаралар көрүлөт. Биздин өлкөбүз дайыма демократиялык шайлоолордун принциптерин карманып келген, мындан ары да карманып, жарандардын өз көз карашын эркин билдирүүсүн камсыздай бермекчи”,-деп билдирди Төрага.

Ал меймандарга Баш мыйзамдын жаңы редакциясынын өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып берип: “Конституциянын долбоорунда Мамлекет башчысынын ролун жана жоопкерчилигин жогорулатуу, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттарынын санын 120 дан 90го чейин кыскартуу каралган. Бул долбоорду иштеп чыгууда саясий топтордун жана көз карандысыз укуктук эксперттердин кеңири катмарын тартуу менен Конституциялык кеңешме түзүлдү”, - деп белгиледи.

КМШ ПААнын байкоочулар тобунун координатору, Тажикстан Республикасынын Оли Мажилисинин Милли мажилисинин Адамдын, жарандын укуктарынын жана эркиндиктеринин конституциялык негиздерин камсыздоо жана мыйзамдуулук боюнча комитетинин төрагасы Рахмон Дилшод алдыдагы шайлоого карата даярдыктын деңгээлине баа берип, мониторинг жүргүзүүчү топтун курамы, байкоочулардын иш программасы, белгиленген жолугушуулар, байкоонун маршруттары жана ыкмалары жөнүндө айтып берди.

Өз кезегинде ЖККУ ПААнын миссиясынын координатору, Беларусь Республикасынын Улуттук Жыйынынын Өкүлдөр палатасынын Улуттук коопсуздук боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Игорь Лавриненко төрагага процесске байкоо жүргүзүүдө эл аралык уюмдарга көмөк көрсөткөнү үчүн ыраазылык билдирип, ал жетектеген делегация байкоочулардын эл аралык миссияларына катышууда чоң тажрыйбага ээ экендигин белгиледи.

Жолугушуунун соңунда байкоочулардын эл аралык миссиясынын мүчөлөрү жергиликтүү кеңештерге шайлоолорду жана референдумду өткөрүүдө ийгилик каалашты.

Пикир

Оставить комментарий