• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Талант Мамытов КМШ ПААнын отурумуна катышуу үчүн Санкт-Петербургга барды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 15.04.21. /Кабар/. КР Жогорку Кеңешинин төрагасы Талант Мамытов баштаган парламенттик делегация Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) 52-пленардык отурумуна катышуу үчүн Санкт-Петербург шаарына барды. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, парламенттик делегация ошондой эле терроризм жана экстремизмге каршы күрөшүү боюнча конференцияга катышат. Муну менен жазгы сессиянын алкагында саясий, эл аралык кызматташтык, экономикалык жана каржы маселелери боюнча КМШ ПААнын туруктуу комиссияларынын да жыйындары, парламенттик делегация башчыларынын эки тараптуу жолугушуулары мерчемделген.

Андан тышкары, төрага Талант Мамытов Санкт-Петербург шаарындагы кыргызстандык мекендештер менен жолугушат.

Эскерте кетсек, делегациянын курамында Жогорку Кеңештин депутаттары Эмил Токтошев, Каныбек Иманалиев жана Айнуру Алтыбаева бар.

Пикир

Оставить комментарий