• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Талант Мамытов КМШ ПААнын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 29.03.22. /Кабар/. Бүгүн, 29-мартта төрага Талант Мамытов баштаган КР Жогорку Кеңешинин делегациясы Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата Алматы шаарында уюштурулган маарекелик отурумга катышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

Төрага Талант Мамытов ассамблеянын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына байланыштуу куттуктоо сөзүн сүйлөп, тарыхый урунттуу учурларга токтолду. Анын ичинен КМШ ПААнын биринчи пленардык отуруму 1992-жылы сентябрда Бишкек шаарында өткөнүн жана ага КР Жогорку Советинин спикери Медеткан Шеримкулов төрагалык кылганын баса белгиледи.

"Ассамблея демилгеси менен алгач 1994-жылдын май айында кабыл алынган маанилүү документтердин бири Бишкек протоколу болуп эсептелет. Аталган протокол ошол учурдагы Тоолуу Карабак окуясын жөнгө салууга багытталган", - деди төрага.

Ошондой эле Жогорку Кеңеш тарабынан “Шериктештиктин балдары” долбоору жана Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыкты негиздөө демилгеси көтөрүлүп, бул сунуштар КМШ ПААга мүчө мамлекеттердин парламенттеринин колдоосуна ээ болгонун маалымдады. “Учурда Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлык КМШ ПАА тарабынан жыл сайын берилүүчү мартабалуу сыйлыктардын бири болуп саналат”, – деди төрага.

Мындан ары да кыргыз тарап КМШга мүчө-мамлекеттердин интеграциясын бекемдөөгө тиешелүү туруктуу позицияны ээлей берерин белгилеген Талант Мамытов Шериктештик постсоветтик мейкиндиктеги мамлекеттердин өз ара кызматташуусу үчүн негизги диалог аянтчасы болуп кала берерин кошумчалады.

Ошондой эле Парламенттер аралык ассамблея түзүлгөндөн бери маданий-гуманитардык, саясий-экономикалык багыттагы кызматташтыкты кеңейтүү боюнча бир катар чечимдер кабыл алынганы, парламенттер аралык байланышты чыңдоо жаатында түрдүү саамалыктар жана долбоорлор ишке ашырылганы баса белгиленди.

"2022-жылы - Каракол шаарын Шериктештиктин маданий борбору деп жарыялоонун алкагында Кыргызстанда өтүп жаткан иш-чараларга бардык мүчө өлкөлөрдү жигердүү катышууга чакырам" - деген Талант Мамытов ассамблеянын ишмердүүлүгү мындан ары да тынчтыкты, коопсуздукту жана улуттар аралык ынтымакты сактоого багыттала берерине ишенерин билдирди.

Белгилей кетсек, 1992-жылдын 27-мартында Алматы шаарында Кыргызстан, Армения, Беларусь, Казакстан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстан парламент жетекчилери КМШ Парламенттер аралык ассамблеясын түзүү тууралуу макулдашууга кол коюшкан. Кийинчерээк ассамблеяга Азербайжан менен Молдова кошулган.

Пикир

Оставить комментарий