• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Талант Мамытов Түштүк Кореянын Улуттук жыйынынын төрагасы Пак Бён Сок менен жолугушту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 05.04.21. /Кабар/. Бүгүн, 5-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Бишкек шаарына расмий иш сапары менен келген Корея Республикасынын Улуттук жыйынынын төрагасы Пак Бён Сок менен жолугушту. Бул тууралуу КР ЖКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Эки өлкөнүн парламент төрагаларынын жолугушуусу алгач тар курамда өтүп, андан соң делегация мүчөлөрүнүн катышуусунда кеңири форматта уланды.

Тараптар эки жактуу парламенттер аралык кызматташтык маселелерин талкуулап, анын ичинен соода-экономикалык байланышты чыңдоо, Кореянын эл аралык кызматташтык уюмунун алкагында алакаларды кеңейтүү жана мамилелерди мындан ары да жигердүү улантуу тууралуу баарлашты.

Жолугушууда Кыргызстан менен Түштүк Кореянын ортосундагы байланыштардын жогорку деңгээлде экени белгиленди. Талант Мамытов төрага Пак Бён Сок баштаган парламенттик делегациясынын бул иш сапары эки өлкөнүн мындан аркы алакасын арттырууга зор салым кошот деген ишеничте экенин билдирди.

Ошондой эле Жогорку Кеңеш Корея Республикасынын Улуттук жыйыны менен түзүлгөн байланышка артыкчылыктуу маани берээрин белгилеп, парламенттер аралык кызматташтыкты депутаттык достук топторунун, тармактык комитеттердин жана комиссиялардын деңгээлинде өнүктүрүү зарылчылыгына токтолду.

Муну менен катар Талант Мамытов Жогорку Кеңеште Түштүк Корея менен кызматташуу боюнча депутаттардын достук тобу бар экенин маалымдап, парламенттик алакаларды кеңейтүү багытында ушундай эле достук тобун Кореянын Улуттук жыйынында да уюштуруу менен тармактык комитеттердин жана комиссиялардын байланышы үчүн пайдубал түзүүнү сунуштады.

Жолугушууда соода-экономикалык байланыштар да талкууга алынып, товар алмашуунун деңгээлинин төмөндүгүнө карабай бул жаатта эки өлкөнүн мүмкүнчүлүктөрү арбын экени айтылды. Талант Мамытов Кореяга таза экологиялык айыл чарба азыктарын сатуу маселесине токтолуп, анын ичинен бал жана кургатылган жемиштерди мисал кылды.

Муну менен катар маданий-гуманитардык алакалардын жогорку деңгээлде экенин канаттануу менен белгилеген төрага: "Кыргызстанда Кореянын заманбап кинематография жана музыка өндүрүшү кеңири жайылгандыгына байланыштуу корей тилине кызыккандар арбын, айрыкча жаштар көп. Азыркы тапта 350дөн ашуун кыргызстандык студент Кореянын жогорку окуу жайларында билим алышууда", - деди. Ошондой эле Кыргызстандык студенттер үчүн бөлүнгөн квотаны көбөйтүүнү сунуштады.

Андан сырткары, коронавирус илдетинин жайылышына каршы биргелешип күрөшүү маселеси тууралуу да сөз болуп, парламент төрагалары бул жаатта чогу-чаран кызматташуу зарылчылыгына токтолушту. Ал эми Талант Мамытов пандемия маалында Кыргызстанга көрсөткөн материалдык-техникалык жардамы үчүн Корея Өкмөтүнө ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде Корея Республикасынын Улуттук жыйынынын төрагасы Пак Бён Сок жылуу кабыл алгандыгы үчүн Талант Мамытовго ыраазычылык билдирип, Кыргызстан менен Түштүк Корея элинин ортосунда окшоштуктар арбын экенине токтолду.

"Кыргызстан Борбор Азиядагы эң демократиялашкан өлкө болуп эсептелет. Ачык-айкындуулугу менен аймакта өзгөчөлөнүп турат", - деген Пак Бён Сок Корея парламенти Кыргызстан менен байланыштарды чыңдоого өзгөчө маани берерин белгилеп, айтылган маселелердин бардыгы караларын кошумчалады.

Жолугушуу соңунда тараптар пайдалуу маалыматтарды бөлүшкөндүктөрү үчүн бири-бирине ыраазычылык билдиришип, парламенттер аралык кызматташтыкты жигердүү улантуу зарылчылыгына токтолушту.

Пикир

Оставить комментарий