• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Талант Мамытов Мамдуманын төрагасы Вячеслав Володин менен жолугушту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 06.08.21. /Кабар/. Жогорку Кеңешинин төрагасы Талант Мамытов Россия Федерациясынын Федералдык жыйынынын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуу Ирандын президенти Эбрахим Раисинин инаугурациясынын расмий салтанатына байланыштуу Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын Тегеранга иш сапарынын алкагында өттү.

Тараптар эки тараптуу кызматташтыктын, анын ичинде, парламенттер аралык кызматташтыктын маселелерин талкуулашты.

Төрага Мамытов Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы мамилелер стратегиялык мүнөзгө ээ экендигин белгиледи. Ал Кыргыз Республикасы көп жылдык достук байланыштардын, эки өлкөнүн элдеринин ортосундагы узак мезгил жана тарых тарабынан сыналган өз ара түшүнүшүүнүн жана колдоонун негизинде ар дайым Россия Федерациясынын ишенимдүү өнөктөшү болуп келгенине жана болуп кала берээрине ишендирип кетти.

“Кыргыз Республикасы Россия Федерациясы менен стратегиялык өнөктөштүккө, буга чейин жетишилген келишимдерди жана макулдашууларды сактоо курсуна толук берилген бойдон кала берет”,-деп белгиледи Төрага.

Талант Мамытов эки өлкөнүн ортосундагы парламенттер аралык диалог жемиштүү экенин жана ал саясий, соода-инвестициялык, маданий-гуманитардык жана башка чөйрөлөрдө өз ара кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошумча импульс берээрин белгиледи.

Өз кезегинде В.Володин Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы мамилелер жогорку деңгээлде экендигин, ал мамилелерди баалап жана чыңдоону улантуу керектигин белгиледи. Андан сырткары, Мамдуманын төрагасы парламенттер аралык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү зарылдыгын айтты.

Жолугушуунун сонунда тараптар бири-бирине ийгилик жана чың ден соолук каалашты.

Пикир

Оставить комментарий