• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Талант Мамытов Санкт-Петербург шаарында жашаган мекендештер менен жолугушту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 18.04.21. /Кабар/. Төрага Талант Мамытов баштаган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин делегациясы Россиядагы иш сапарынын алкагында Санкт-Петербург шаарында жашаган мекендештер менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууга депутаттар Каныбек Иманалиев, Айнуру Алтыбаева жана Жогорку Кеңештин КМШ ПАА жана ЖККУ ПАдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатвалдиев катышты.

Төрага Талант Мамытов мекендештер менен жолугушуп, актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашып жатканына кубанганын билдирди.

Алгач төрага Кыргызстандагы ички саясий абал жана референдумдун жыйынтыгы тууралуу маалымат берди. Муну менен катар Санкт-Петербург шаарында өткөн КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын отурумдарынын жыйынтыгы жөнүндө кеп кылып, анда Россиядагы эмгек мигранттарынын турмушун жакшыртуу багытында кабыл алынуучу чараларга өзгөчө көңүл бурулганын белгиледи.

Ошондой эле Жогорку Кеңеш чет жердеги мекендештердин укугун жана кызыкчылыгын коргоо үчүн бардык аракеттерди көрүп жатканын билдирип, Төраганын алдында Миграция, мекендештер жана чет өлкөлөрдөгү диаспоралар маселелери боюнча кеӊеш түзүлгөнүн маалымдады. Талант Мамытов белгилегендей, аталган Кеңеш чет жердеги мекендештерди колдоо боюнча сунуштамаларды өз убагында иштеп чыгууну камсыздайт.

Жолугушуу баарлашуу форматында уланып, катышуучулар мигранттардын турмушун жакшыртуу боюнча пикирлери менен бөлүштү.

Төрага Талант Мамытов каза болгондордун сөөгүн Россиядан Кыргызстанга жеткирүүдөгү кыйынчылыктар, эки өлкө ортосундагы авиабилеттердин кымбаттыгы, "Мекен-Карт" системасын киргизүү, Санкт-Петербург шаарында жайгашкан Ч.Айтматов атындагы эс алуу жайын өнүктүрүү, Башкы консулдук ачуу, эмгек мигранттарынын үй-бүлө мүчөлөрүн Милдеттүү медициналык камсыздандыруудан өткөрүү жана билим берүү тармагын жакшыртуу сыяктуу маселелерге тиешелүү суроолорго жооп берди.

Пикир

Оставить комментарий