• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Талант Мамытов «Шериктештик балдары» VII эл аралык жаштар форумуна катышты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 04.07.22. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине (КМШ) мүчө өлкөлөрдүн «Шериктештик балдары» аталышындагы VII эл аралык маданий-агартуучулук жаштар форумуна катышты. Бул тууралуу КР ЖКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 26-июндан 5-июлга чейин Ысык-Көлдүн жээгинде «Шериктештик балдары» аталышындагы VII эл аралык маданий-агартуучулук жаштар форуму өтүүдө. Иш-чара салттуу түрдө КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясы жана Жогорку Кеңеш тарабынан уюштурулууда.

Форумда сөз сүйлөгөн Талант Мамытов, Жогорку Кеңештин жана жеке өзүнүн атынан келечек ээлерин маданий-агартуучулук багытта колдоо максатын көздөгөн кезектеги эл аралык форумдун ийгиликтүү жыйынтыкталышы менен куттуктады.

«Салттуу түрдө Ысык-Көлдүн жээгинде өткөрүлүп келе жаткан «Шериктештик балдары» форуму пикир алышуунун гана аянты болбостон, келечектеги кызматташтыктын башталышы да болору анык. Себеби силер биздин келечексиңер! Меймандос кыргыз эли, көз тайгылткан жаратылышыбыз жана касиеттүү Ысык-Көлүбүз силерди дайым күтөт. Жыл сайын көл жээгинде жолугушуп, тарыхый достугуңарды уланта бергиле», - деди Мамытов.

Төрага форумдун башкы максаты билим берүү программаларынын жана түрдүү ийримдердин алкагында шериктештиктин ар кайсы өлкөрүнөн келген балдарды достоштуруу экенин баса белгиледи.

«Айрыкча, тарыхый жактан тыгыз байланыштагы мамлекеттердин келечек муунун биримдикке үндөө менен биргелешип иш алып баруусун камсыздоо башкы багыттарыбыздын бири. Алардын достукка жана биримдикке ширелишкен улуу жолун улантуу шериктештикке мүчө мамлекеттердин ар бир жаранынын милдети. Биз тыгыз кызматташтык жана жакындан пикир алмашуу аркылуу бардык тармактагы алакаларды арттыруубуз кажет. Ошондо биз өзүбүздү өнүктүрүп, өлкөлөрүбүздү гүлдөтөбүз! Буйруса, бул максаттарыбызга да жетебиз деген ишеничтемин», - деди төрага.

Талант Мамытов сөзүнүн аягында форумдун катышуучуларына кеӊ келечек, бекем ден соолук, узун өмүр каалады. «Биз силердин бактылуу болушуӊарга зарыл болгон шарттарды түзүүгө милдеттүүбүз. Биздин ар бир кылган эмгегибиз, жасаган ишибиз силердин келечегиӊер үчүн экенин унутпагыла! Жакшы окуп, ата-энеӊерди гана эмес, Мекениңерди менен элиңерди сыймыктандырган атактуу инсандардан болгула!», - деп сөзүн жыйынтыктады төрага Талант Мамытов.

Белгилей кетсек, 2022-жылы эл аралык форум «Бир тарых – бир тагдыр» урааны астында өтүүдө. 27-июнда форум салтанаттуу ачылып, 28-июндан 3-июлга чейин анын катышуучулары өз өлкөлөрү тууралуу презентацияларын тартуулашты. Мектеп окуучулары үчүн спорт оюндары, жөө жүрүштөр, дебаттар, чыгармачылык семинарлар, квесттер, музыкалык флешмобдор уюштурулду.

«Шериктештик балдары» эл аралык маданий-агартуучулук жаштар форуму Жогорку Кеңеш тарабынан демилгеленип, КМШ Парламенттер аралык ассамблеясы колдоого алган. Биринчи форум 2013-жылы Кыргызстандын Чолпон-Ата шаарында, Ысык-Көлдүн жээгинде өткөн, 2021-жылы Санкт-Петербургда (Россия Федерациясы). Жалпысынан форумга 600дөй мектеп окуучулары катышты.

Пикир

Оставить комментарий