• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Мамытов ССМ башчысы менен СПИД боюнча республикалык борбордун директорун кабыл алды

Президент 0

Бишкек, 01.12.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 1-декабрда, СПИДге каршы бүткүл дүйнөлүк күрөш күнүнө байланыштуу өлкөнүн саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу СПИД боюнча республикалык борбордун директору Үмүткан Чокморованы кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Алымкадыр Бейшеналиев Министрликтин учурдагы ишмердүүлүгү, ВИЧ/СПИД, кургак учук жана гепатит менен ооругандарды дарылоо боюнча жүргүзүлгөн иштер, ошондой эле бул багыттагы санитардык-профилактикалык иш-чаралар жөнүндө маалымат берди.

Министрдин айтымында, Кыргыз Республикасында 2017-2021-жылдарга карата ВИЧ-инфекциясын жеңип чыгуу боюнча программада камтылган коомдук саламаттык сактоо өңүтүнөн инфекцияны көзөмөлдөө ыкмасы ВИЧ-инфекциясын алдын алууну, ден соолукка кам көрүүнү жана ВИЧ менен жашаган адамдардын өмүрүн узартууну камсыз кылат. Бул өлкө калкынын арасында ооругандар менен өлүмгө учурагандардын санын азайтууга, ошондой эле аялдар менен балдардын арасында ВИЧ-инфекциясынын жаңы катталган учурларын алдын алууга багытталган.

Ал өлкөдө акыркы жылдары ВИЧ-инфекциясынын жугушун алдын алуучу антиретровирус терапиясы 2 эсеге көбөйгөндүгүн белгиледи.

Ошону менен бирге ВИЧ-инфекциясын жугузуп алгандар менен иштөө боюнча клиникалык протоколдор, стандарттар, нускамалар жана колдонмолор системдүү түрдө жаңыланып, ишке киргизилип келет.

Үмүткан Чокморова акыркы изилдөөлөргө ылайык, ВИЧ/СПИДди жуктурган учурлардын дээрлик жарымы — 49%ы жыныстык жол менен, ал эми 43%ы парентералдык жол менен болгонун маалымдады. Жуктургандардын көбүн — 64%ын эркектер, 36%ын аялдар түзөт.

Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы СПИД боюнча республикалык борбордун маалыматы боюнча, 2020-жылы Кыргызстан 2021-2023-жылдарга карата Глобалдык фонддун ВИЧ жана кургак учук боюнча программаларды колдоо грантына арыз берген. Глобалдык фонддун башкармалыгынын чечимине ылайык, ВИЧ жана кургак учук программаларына мамлекеттин салымын көбөйтүү шарты менен Кыргызстанга 11 миллион доллардан ашуун өлчөмдө грант берүү жактырылган.

Ошондой эле, өлкөдө кургак учук менен ооругандардын жана өлүмгө учурагандардын санын азайтуу боюнча чоң иштер жүргүзүлүп жаткандыгы белгиленди. 2019-жылда кургак учук менен биринчи жолу катталгандардын саны 5096 учур болуп, 100 миң кишиге 78,9 учурду түзгөн, ал эми 2018-жылдын ушул эле мезгилинде 5249 учур катталып, 100 миң кишиге 83 учурду түзгөн.

Кургак учукту өз убагында дарылоо үчүн калк арасында оорулууларды аныктоо, заманбап молекулярдык-генетикалык изилдөө ыкмалары жана жаңы диагностикалык алгоритмди киргизүү жолу менен кургак учукту аныктоону жакшыртуу боюнча иштер активдүү жүрүп жатат.

Ал ошондой эле вирустук гепатитти алдын алуу боюнча иштер тууралуу маалымат берди. Бул максаттарга, дарылоо үчүн вируска каршы дары-дармектерди сатып алууга Саламаттыкты сактоо министрлигинин 2021-жылдагы бюджетине 10 миллион сом бөлүнгөн.

Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов мамлекеттик органдар коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү менен катар башка вирустук ооруларга да абдан көңүл бурушу керектигин белгиледи.

«Жарандардын ден соолугуна кам көрүү — мамлекеттин башкы артыкчылыгы. Ден соолук — бардыгы үчүн эң чоң байлык жана баалуулук», — деп айтты Талант Мамытов.

Мамлекет башчысынын милдетин аткаруучу алдын алуу, сактануу ыкмалары, вирустук ооруларды дарылоо усулдары жөнүндө калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү зарылдыгын баса белгиледи.

«Элдин кабардар болуусу — оорулар менен күрөшүүдөгү маанилүү компоненттердин бири. Мындан сырткары, ВИЧ жуктуруп алгандарга өзгөчө көңүл буруу керек, алар мамлекеттин колдоосун сезиши керек. Мамлекеттик органдар ВИЧ/СПИД менен күрөшүү боюнча иш-чаралардын бирдиктүү планын иштеп чыгуусу зарыл», — деп билдирди Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов, жыйынтыгында вирус жуккан учурларды аныктоого дагы өзгөчө көңүл бурулушу керектигин кошумчалап.

Пикир

Оставить комментарий