• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Талант Мамытов Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 12.05.22./Кабар/. Бүгүн, 12-майда КР Жогорку Кеңешинин төрагасы Талант Мамытов Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы алакаларды арттыруу, парламенттик байланыштарды чыңдоо маселелери талкууланды.

Төрага Талант Мамытов Сердар Бердымухамедовду боордош Түркмөнстан мамлекетинин президенти болуп шайланышы менен куттуктап, ишине ийгиликтерди каалады.

Мындан тышкары, эки мамлекеттин ортосундагы дипломатиялык алакалардын түзүлгөндүгүнө 30 жыл толгонун эске салган Жогорку Кеңештин төрагасы: “Кыргызстан мамлекеттер аралык калыптанган байланыштарды мындан ары да өнүктүрүүгө кызыкдар. Айрыкча, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштарды бекемдөө менен энергетика жана айыл чарба жаатында кызматташуу артыкчылыкка ээ. Ошондой эле парламенттер аралык диалогду кеңейтүүбүз кажет”, – деди.

Муну менен катар Талант Мамытов 2021-жылдын июнь айында Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун Түркмөнстандагы расмий иш сапары тууралуу сөз кылып, түркмөн президентин да Кыргызстанга расмий иш сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Өз кезегинде Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов биргелешкен экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу жаатындагы пикири менен бөлүшүп: “Кыргызстан менен ар тараптуу өнөктөштүктү өнүктүрүүнү көздөйбүз”, – деди.

Муну менен катар кыргыз элине жана Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго салам жолдоду.

Белгилей кетсек, төрага Талант Мамытов баштаган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин делегациясы Ашхабад шаарында уюштурулган Борбор Азия мамлекеттеринин жана Россия Федерациясынын парламенттер аралык алгачкы форумуна катышууда. Делегациянын курамында Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Джамиля Исаева, депутаттар Миргүл Темирбаева, Алишер Козуев жана Максатбек Сарбагышев бар.

Пикир

Оставить комментарий