• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Талант Мамытов ЖККУ ПАнын кеңешинин отурумуна катышуу үчүн Ереванга барды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 06.06.22. /Кабар/. Бүгүн, 6-июнда төрага Талант Мамытов баштаган КР Жогорку Кеңешинин делегациясы Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Парламенттик ассамблеясынын (ЖККУ ПА) Ккеңешинин көчмө жыйынына катышуу үчүн Арменияга иш сапары менен барды. Бул тууралуу КР ЖКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Алгач төрага Талант Мамытов ассамблеяга мүчө мамлекеттердин парламент жетекчилери менен бирге Ереван шаарында жайгашкан “Армения эне” аталышындагы монументке гүлчамбар коюшту.

Ошондой эле иш сапардын алкагында Талант Мамытов аталган өлкөнүн премьер-министри Никол Пашинян менен жолугушары күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин делегациясынын курамында депутаттар Өмүрбек Бакиров, Эмил Жамгырчиев жана Алишер Эрбаев бар.

Пикир

Оставить комментарий