• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Талант Мамытов Жогорку Кеңештин мурдагы төрагалары менен жолугушту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 30.05.22./Кабар/. Бүгүн, 30-майда төрага Талант Мамытов Жогорку Кеңештин мурдагы төрагалары менен жолугушуп, аларга Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) Кеңешинин чечими менен ыйгарылган “КМШ ПАА 30 жыл” аталышындагы маарекелик медалдарды тапшырды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

Эскерте кетсек, аталган медаль Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын 30 жылдыгына карата уюштурулган.

Сыйлыктарды тапшыруу аземинде сөз сүйлөгөн төрага Талант Мамытов: “Жогорку Кеңеш КМШ ПААнын түптөлүшүндө негизги ролду ойногон. Андан бери бул ассамблея парламенттер аралык байланышты гана чыңдабастан, өлкөлөр ортосундагы алаканы арттырып, бир катар долбоорлорду ишке ашырууга өбөлгө түздү”, – деди.

Ошондой эле эгемендүүлүк алгандан бери кыргыз парламенти мамлекетибиздин калыптанышына жана демократиялык түзүлүштүн орношуна чоң салым кошконун айткан Талант Мамытов: “Жогорку Кеңеш өлкөбүздөгү бардык реформалардын башында туруп, көйгөйлөр менен катар мамлекетибиздин өнүгүшү үчүн маанилүү болгон олуттуу маселелер кеңири талкууланган аянтчага айланды. Мында бардык чакырылыштын депутаттарынын жана төрагаларынын орду өзгөчө”, – деп кошумчалады.

Андан тышкары, жолугушууда сөз сүйлөгөн Легендарлуу парламенттин төрагасы Медеткан Шеримкулов КМШ ПААнын алгачкы маанилүү чечимдери Жогорку Кеңештин имаратында кабыл алынганын белгилеп, ассамблеянын быйылкы отурумдарын Бишкекте өткөрүүнү сунуштады.

Белгилей кетсек, КМШ ПААнын 30 жылдык маарекелик медалдарын Жогорку Кеңештин мурдагы төрагаларына ыйгаруу чечими кабыл алынган. Алар:

  • Акматов Таштанбек Акматович – Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Президиумунун төрагасы (1987-1990);
  • Шеримкулов Медеткан Шеримкулович – XII чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы (1990-1994);
  • Матубраимов Алманбет Матубраимович – I чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы (1995-1997);
  • Эркебаев Абдыганы Эркебаевич – I чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы (1997-2000), II чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы (2000-2005);
  • Бөрүбаев Алтай Асылканович – II чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы (2000-2005);
  • Кадырбеков Ишенбай Дүйшенбиевич – II чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы (2005);
  • Мукашев Муратбек Осмоналиевич – II чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы (2005);
  • Текебаев Өмүрбек Чиркешович – III чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы (2005-2006);
  • Султанов Марат Абдыразакович – II чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы (2006-2007);
  • Мадумаров Адахан Кимсанбаевич – IV чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы (2007-2008);
  • Тагаев Айтибай Султанович – IV чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы (2008-2009);
  • Курманов Зайнидин Карпекович – IV чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы (2009-2010);
  • Келдибеков Ахматбек Келдибекович – V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы (2010-2011);
  • Жээнбеков Асылбек Шарипович – V,VI чакырылыштардагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы (2011-2016);
  • Джумабеков Дастанбек Артисбекович – VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы (2017-2020);
  • Абдылдаев Мыктыбек Юсупович - VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы (2020);
  • Исаев Канатбек Кедейканович – VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы (2020);
  • Мамытов Талант Турдумаматович – VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы.

Пикир

Оставить комментарий