• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Талант Мамытов: Жогорку Кеңештин төрагалыгына расмий сунуш түшкөн жок

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 28.10.20. /Кабар/. «Жогорку Кеңештин төрагалыгына расмий сунуш түшкөн жок», - деп билдирди журналисттерге депутат Талант Мамытов.

Депутат Сайдулла Нышанов буга чейин билдиргендей, депутаттар тобу төрага Канатбек Исаевге ишеним көрсөтпөө демилгесин көтөрүп чыгууда. Анын ордуна Талант Мамытов болушу ыктымал экендиги айтылууда.

Мамытов өзү бул маселе боюнча расмий сунуш албагандыгын билдирди.

«Отставка жана жаңы төраганы дайындоо маселеси мыйзамдын чегинде гана болот. Бул көпчүлүктүн ою болушу керек. Регламентте баары көрсөтүлгөн», -дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий