• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Талант Мамытовдун Жалал-Абад жана Ош облустарына болгон иш сапарынан фоторепортаж

Президент 0

Бишкек, 22.12.20. /Кабар/. Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов 19-22-декабрь күндөрүндө Жалал-Абад жана Ош облустарында иш сапарында болду, - деп билдирет президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү.

Мамлекет башчысынын милдетин аткаруучу иш сапарынын алкагында Камбар-Ата ГЭС-2 курулушунун долбоору, Токтогул ГЭСин модернизациялоонун жүрүшү жана Маданият-Жалал-Абад автожолунун курулушу менен таанышты.

Ошондой эле, Талант Мамытов Ноокен районунун тургундары менен кезигип, прокуратуранын ардагери жана устаты Жунусмамат Асырановго барып жолукту. Жалал-Абаддагы балдар психоневрологиялык стационарынын жаңы имараты, Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын травматология бөлүмүнүн абалы менен таанышты.

Ош шаарында президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов жаңы жугуштуу оорулар ооруканасынын абалынан кабар алып, Нариман орто мектебинин кошумча имаратынын ачылыш аземине катышты.

Пикир

Оставить комментарий