• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Талантаалы Бакчиев "Манас" жана Айтматов академиясынын президенти болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 13.12.21. /Кабар/. Талантаалы Бакчиев "Манас" жана Чыңгыз Айтматов Улуттук академиясынын президенти болуп дайындалды.

Жаңы дайындалган жетекчини академиянын жалпы жамаатына министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тааныштырып, ишинин ийгиликтүү жана жемиштүү болушун каалады.

Талантаалы Бакчиев - манасчы, «Манас» эпосун изилдөөчү, филология илимдеринин доктору.

Белгилей кетсек, "Манас" жана Айтматов академиясын буга чейин Топчубек Тургуналиев жетектеп келген.

"Манас" жана Чыңгыз Айтматов Улуттук академиясы 2019-жылы түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий