• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Талантбек Иманов санариптик өнүктүрүү министринин м.а. болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 06.01.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пункту менен Иманов Талантбек Орускулович Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Иманов Талантбек Орускуловичтин талапкерлиги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине макулдашуу үчүн киргизүүгө токтом кылынды.

Пикир

Оставить комментарий