• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Талантбек Исаевге карата кылмыш иши козголду

Укук тартиби 0

Бишкек, 26.11.19. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик адистештирилген күзөт башкармалыгынын башчысы Талантбек Исаевге карата кылмыш иши козголду. Бул маалыматты УКМКдан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, Кылмыш жазык кодексинин 320-беренесине (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) ылайык кылмыш иши козголду.

Эске сала кетсек, депутат Канатбек Исаев укук коргоо органдары тарабынан 30-сентябрда “бийликти күч менен басып алууга аракеттенген” деген шек менен кармалган. Андан кийин агасы Талантбек Исаев ИИМдин Күзөт башкармалыгынын башчысы кызматынан кетүү тууралуу арызын жазган.

Кийинчерээк Канат Исаевге карата кылмыш иши токтотулуп, Талант Исаев кызматына кайтып келген.

Пикир

Оставить комментарий