• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Талантбек Сооронбаев кардиология жана терапия борборунун директорунун м.а. болуп дайындалды

Коом 0

Бишкек, 01.03.22. /Кабар/. КР Саламаттыкты сактоо министринин буйругу менен Талантбек Сооронбаев Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору болуп дайындалды.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Талантбек Сооронбев кардиология жана терапия борборунун пульмонология бөлүмүнүн жетектеп келген.

Сооронбаевге жетекчи дайындалганга чейин каржылык жана административдик документтерге кол коюу укугу менен борбордун директорунун милдеттери убактылуу жүктөлдү.

Буга чейин аталган борбордун директорунун милдетин Мамыраим Жумабаев аткарып келген.

Пикир

Оставить комментарий