• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Талапкер Сооронбай Жээнбеков: Алыскы туугандан - жакынкы кошуна

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 11.10.17 /Кабар/. «Бир жыл ичинде эле – 2016-жылдын августунан 2017-жылдын августуна чейин – Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда 15 ирет өкмөттөр аралык топтордун кеңешмеси өткөрүлдү. Акыркы 10 жыл ичинде мындай жолугушуулар өткөрүлбөй деле калган болчу», - деди Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбеков 10-октябрда Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургундары менен болгон жолугушуу учурунда сүйлөгөн сөзүндө.

«Аыркы 25 жыл ичинде алгачкы жолу Кыргызстанга Өзбекстандын премьер-министри келип кетти. Узакка созулган талкуулардан кийин биз бир пикирге келип, өлкөлөрдүн президенттеринин ортосундагы сый кошуналык мамилелердин, ошондой эле Өзбекстан менен Кыргызстандын өкмөттөрүнун маселени тыкыр, ар тараптуу талкуулап, иштеп чыккандыгынын аркасында тийиштүү келишимге кол коюлду. Чек ара маселелеринде эки мамлекеттин тең кызыкчылыктары эске алынган. Чек арадагы такталбаган тилкелердин 85% боюнча маселелер чечилди, калгандары боюнча иш улантылып жатат. Чек араларды ачып, эки өлкөнүн жашоочулары бири-бири менен кенен мамилелеш болушуна шарт түзүлөт», - деди Жээнбеков.

Ал өлкөнүн тышкы саясатында Россия, ЕАЭБ өлкөлөрү, Кытай, Өзбекстан ж.б. артыкчылыктуу багыттарга ээ боло тургандыгын айтты. «Алыскы туугандан – жакынкы кошуна» дейт эмеспи элибизде. Кыргызстан –ачык өлкө, биз дайыма диалогго даярбыз. Албетте, чек ара маселелерин чечүү оңойго турган жок, сүйлөшүүлөр татаал мүнөздө өттү, бирок бардык маселелер дипломатия жолу менен, эки тараптын кызыкчылыктарын көздөө менен чечилди. Кошуна өлкөлөр менен болгон бардык маселелерди биз эки тараптын тең кызыкчылыктарын эске алуу менен чечебиз», - деди Сооронбай Жээнбеков.

Көп улуттуу Сузак району Сооронбай Жээнбековдун сөзүн кызуу колдоп, алдыдагы шайлоодо шайлоо бюллетениндеги №9 талапкерге добуш бере тургандыктарын билдиришти.

Эртең, 11-октябрда, Сооронбай Жээнбеков Ош облусунун жана Ош шаарынын тургундары менен жолугушмакчы.

  • Даярдоочу: КУМА “Кабар”
  • Дарек: Бишкек, Абдрахманов к., 175
  • КР Президенттин кызмат ордуна талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.
  • Нускасы 1 даана. Чыгарылган күнү: 11.10.2017 ж.

Пикир

Оставить комментарий