• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Талапкерлерге кол топтоо аяктады

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 26.08.17 /Кабар/. Календарлык планга ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого карата даярдык көрүү жана өткөрүү иш чарасында КР Борбордук шайлоо комиссиясы кечээ, 25-августта саат 23.59да президенттикке талапкерлерден кол коюлган барактарды кабыл алуу жана текшерүү ишин аяктады. Бул тууралуу БШК басма сөз кызматы билдирди.
«Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын кол тамгаларын чогултуу жана талапкерлер жана (же) алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү сунуш кылган кол коюу барактарындагы кол тамгаларды жана маалыматтарды текшерүү тартиби жөнүндө» нускамага ылайык, ыйгарым укуктуу өкүлдөр берген кол тамгалардын жалпы санынан капилет ылгоо (чүчүкулак) аркылуу тандап алынган шайлоочулардын кол тамгаларынын 20 пайызы текшерилүүгө тийиш.
Ушул учурда төмөндөгү талапкерлер 30 миңден ашуун кол тамгаларды тапшырды:
1. Кожогулов Талгатбек Ашыркулович, коомдук ишмер – 32 045 кол тамга,
2. Кочкоров Улукбек Тойчубаевич, убактылуу иштебейт – 51 391 кол тамга,
3. Турсунбек Акун, “Адам укугу”саясий партиясынан көрсөтүлгөн – 36 163 кол тамга,
4. Шайымбетов Казыбек Орозакунович, пенсионер – 38 660 кол тамга,
5. Масалиев Исхак Абсаматович, Кыргызстан Коммунисттер саясий партиясынан көрсөтүлгөн – 36 528 кол тамга,
6. Малиев Арсланбек Касымакунович, Чет мамлекеттер менен кызматташуу жана кыргыз достук коомунун Президенти - 55 806 кол тамга,
7. Карасартова Рита Рахмановна, «Коомдук анализ институтунун” директору - 31 777 кол тамга,
8. Исаев Канатбек Кедейканович, ЖК депутаты, “Кыргызстан” саясий партиясынан көрсөтүлгөн - 37 633 тамга,
9. Чороев Кубан Аманбекович, “Байыркы көчмөндөр цивилизациясы” жана тарыхий-маданий мурас жана ички дүйнөнүн кайра жаралышы” КФ төрагасы -39 808 кол тамга,
10. Уметалиева Токтайым Джумаковна, КЭУ жана ӨЭУ ассоциациясынын төрагасы - 48 777 кол тамга,
11. Асанбеков Темирбек Ишенбаевич, "Мекен Ынтымагы" саясий партиясынын төрагасы – 33 269 кол тамга,
12. Шаршекеева Камила Дуйшебаевна, Борбордук Азия эл аралык университетинин провосту – 39 237 кол тамга.
КР БШКнын кол коюлган барактарды кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу тобу талапкерлер А. Мадумаров, А. Бекназаров, Т.Масадыков, А. Абдылдаев жана Э. Зарлыковдун кол тамгаларын текшерүүдө.
Мурун шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен, кол тамгаларын текшерүүдөн кийин жана “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КРнын конституциялык Мыйзамына ылайык, талап кылынган документтерди тапшыруудан кийин мамлекет башчысынын кызматына Т.Сариев, Ө.Бабанов, С.Жээнбеков жана Б.Төрөбаев талапкер катары катталган.
Ө. Текебаевдин кол коюлган барактары шайлоо кампаниясын каржылоо эрежеси бузулгандыктан жараксыз деп табылган.

Пикир

Оставить комментарий