• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Талаптагыдай эмес жарнама таратылган үчүн «Upim» дүкөнү жоопкерчиликке тартылды

Коом 0

Бишкек, 15.02.22. /Кабар/. Талаптагыдай эмес жарнама таратылган үчүн «Upim» дүкөнү жоопкерчиликке тартылды, - деп билдирет Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматы.

Билдирүүгө ылайык, Бишкек шаарынын аймагында мониторинг учурунда ак жана кара фондо «Upim» деген жазуусу бар, бирок жарнакталуучу товар тууралуу маалыматы жок жарнамалар көрнөк-жарнактарда ​​жана LED-экрандарда таратылып жаткан.

Таратылып жаткан жарнама Рнын «Жарнама жөнүндө» мыйзамынын 5-беренесинин 1-бөлүгүнө жана 6-беренесинин 4-абзацынын талаптарына ылайык келбеген, анткени таратылып жаткан жарнама таанылгыс жана жарнамаланган товар жөнүндө олуттуу маалыматтардын жоктугунан жазгырмалуу болгон.

Материалдардын териштирүү иштеринин жыйынтыгынан кийин талаптагыдай эмес жарнама таратылып жаткан үчүн «Upim» брендинин продукциясын Кыргызстанда саткан «Смарт Фешн» ЖЧКсынын дарегине айып түрүндө жаза чарасын колдонуу жөнүндө токтом чыгарылды

Пикир

Оставить комментарий