• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Талас: Боотерек айылындагы мектептин курулушу жаңы окуу жылына бүткѳрүлѳт

Коом 0

Бишкек, 14.07.22. /Кабар/. Талас облусунун Бакай-Ата районунун Боотерек айылындагы Дуйшобаев атындагы жаңы мектептин курулушу жаңы окуу жылдын башталышына карата бүткѳрүлѳт. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш агенттигинин басма сз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, учурда объекттин даярдыгы 90% ды түзөт. Подряддык уюм тарабынан аймактын ички жасалгалары, көрктөндүрүү боюнча жана эмерек жабдууларын орнотуу иштери аяктоодо.

Белгилесек, жаңы мектеп 150 окуучулук орунга эсептелген, анын сметалык наркы 780 ми 569 долларды түзөт. Бүгүнкү күнгѳ Сауд өнүктүрүү фондунун кредиттик каражаттарынын эсебинен 601 миң 38 доллар каржылады.

Мектеп жаңы форматта курулууда, анда окутуу үчүн бардык шарттар камтылган. Долбоор боюнча окуу корпусу, галерея, ашкана, спорттук зал, актовый зал, ошондой эле жабдылган химия, физика, информатика класстары болот.

Пикир

Оставить комментарий