• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Талас дарыясынан 10 жаштагы кыздын сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 31-май. /Кабар/. Талас облусунда Талас дарыясына түшүп кеткен 10 жаштагы кыздын сөөгү табылды. КР ӨКМ басма сөз кызматы билдиргендей, куткаруучулар 30-май күнү саат 11:45 чамасында табышкан.

Каргашалуу окуя Бакай-Ата районунун Миң-Булак айылында 29-май күнү саат 22:00 чамасында болгон. Белгилүү болгондой кыз дарыяга түшүп кетип, суунун агымы менен агып кеткен. Издөө иштерине 12 куткаруучу тартылган.

Ошондой эле, ӨКМ маалыматына караганда, 29-май күнү куткаруучулар чөгүп кеткен эки эркек кишинин сөгүн табышкан.

Биринчи окуя Кара-Бура районунун Шекер айылындагы чөөттө 1999-жылы туулган Б. уулу Э. чөгүп кеткен. Сөөк бир нече сааттардан кийин табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген.

Экинчи окуя 29-май күнү Чүй облусунун Сокулук районунун Военно-Антоновка айылында күндүзү катталган. 1986-жылы туулган Ж.Т. чөөттөрдүн биринде чөгүп кеткен. Сөөк кечинде табылган.

Пикир

Оставить комментарий