• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Талас мамлекеттик университетинин ректору бир айга камалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 01.09.22. /Кабар/. Коррупцияга шектелип кармалган Талас мамлекеттик университетинин (ТалМУ) ректору У.А.Ш. бир айга камалды. Мындай чечимди Талас облустук соту чыгарды.

"У.А.Ш. баш коргоо чарасы каралып, стбздг жылдын 27-сентябрына чейин камакка алынды", - деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, козголгон кылмыш ишинин алкагында ТалМУнун ректору У.А.Ш. жана башкы бухгалтери К.Г.Ж. 2021-2022-жылдар аралыгында жогорку окуу жайдын кызматкерлерине кайра ТалМУнун жетекчилигине 6 миң сом өлчөмүндө “белги” (отметка) катары кайтарып берүү шарты менен ар бирине 7 миң сом өлчөмүндө акчалай сыйлыктарды ыйгарып турганы аныкталган.

Мындан тышкары, аталган адамдар жеке ишкерлер менен жең учунан сүйлөшүп алып, университеттин окуу корпусун оңдоо үчүн курулуш материалдарын сатып алууга тендер өткөрүп, андан кийин акча каражаттарынын бир бөлүгүн өздөрүнө чегерип алышкан.

Ошондой эле А.У.Ш. кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Т.Т. менен макулдашып, мамлекеттик жана университетке кирүү экзамендерин тапшыруу учурунда студенттерден жана абитуриенттерден системалуу түрдө акча чогултуу менен алектенген.

Пикир

Оставить комментарий