• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Талас менен Нарында кармалган ак илбирстерге Жаабарс жана Акмөөр деген ат коюлду

Коом 0

Бишкек, 13.01.20. /Кабар/. Талас жана Нарын облусунда табылган ак илбирстерге ат коюлду. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Элдияр Шерипов билдирди.

Белгилей кетсек, 9-январь күнү Таластын Көк-Ой айылында жарадар болгон ак илбирс табылган. Кийинчерээк жаныбар Бишкекке алынып келген. Бишкекте ал рентгенге түшүрүлүп, рентген сүрөтү көрсөткөндөй анын баш бөлүгүндө 70 майда ок болгон. Ага операция жасалып, жалпы 18 чачма ок алынган.

Ал ак илбирске Чыңгыз Айтматовдун "Тоолор кулаганда" романында айтылган ак илбирс – Жаабарстын аты коюлган.

Ошондой эле 11-январь күнү Нарында да бир ак илбирс кармалган. Германиянын жаратылышты коргоо бирикмесинин (НАБУ) ветеринары Бакыт Ажыбековдун айтымында, Нарында кармалган ургаачы ак илбирстин жашы 11-12ге келип, картайгандыктан өзүнө жем кармай албай калган.

"Ал өзүнө тамак таап жей албай калгандан сарайга түшкөн. Ал сарайга бир эмес эки жолу келиптир", - деди ал.

Учурда ал ак илбирс Германиянын жаратылышты коргоо бирикмесинин (НАБУ) Ысык-Көл облусунун Ананьев айылындагы реабилитациялык борборуна жеткирилген. Ага Акмөөр деп ат коюшкан.

Пикир

Оставить комментарий