• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Талас мэриясынын башкармалык башчысынын диплому жасалма экендиги аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 30.03.23. /Кабар/. Талас шаардык мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу башкармалыгынын башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу С.Д.Э.нин диплому жасалма экендиги аныкталды.

УКМКдан билдиришкендей, С.Д.Э. Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин жогорку билим жөнүндө жасалма дипломунун негизинде аталган кызматты ээлеп турган.

Бул факты боюнча жогорку билими тууралуу жасалма документтерди жасоого тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий