• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Талас милициясы унаа башкарууда уюлдук телефонго алагды болбоого чакырат

Коом 0


Бишкек, 21.07.21. /Кабар/. Талас облустук милициясы унаа башкарууда уюлдук телефонго алагды болбоого чакырат. Бул тууралуу Талас облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жол кырсыктарын болтурбоо жана алдын алуу багытында Талас облустук милициясынын Жол кыймылынын коппсуздугун камсыздоо башкармалыгы тарабынан иш-аракеттер тынымсыз аткарылып келет.

«Катуу ылдамдык, мас абалда айдоо, жол белгилерине баш ийбөөнүн кесепетинен улам ар кандай кырсыктуу окуялар катталат. Алардын арасында унаа айдоодо уюлдук телефонго алаксып кетүү дагы орун алган. Унаа башкарууда (өзгөчө жүргүнчү ташыган такси кызматтагылар) уюлдук телефонду колдонуу эрежеге жатпайт»,-деп айтылат маалыматта.

Талас ОИИБнин ЖКККБ эскертет: Унаа башкарууда уюлдук телефонго алагды болбоңуздар! Жол эрежесин сактоо менен сиз унаадагы адамдарга кепилдик бере аласыз. Сизди дагы үйдө жакындарыңыз күтүп жатканын эсиңизден чыгарбаңыз!

Пикир

Оставить комментарий