• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Талас облустук милициясы 2021-жылдагы ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды

Аймак 0

Бишкек, 24.01.22. /Кабар/. Талас облустук ички иштер башкармалыгы 2021-жылдагы ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды.

Облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришкендей, жыйында ѳткѳн жыл аралыгында кетирилген кемчиликтер менен жетишкендиктер белгиленип, алдыда аткарылуучу иш-мерчемдер бекитилди. Ошондой эле ѳткѳн жыл аралыгында ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүндѳ ѳздѳрүнүн жетишкендиктери менен айырмаланган кызматкерлер аныкталып, алар «Ѳз кесибинин мыктысы» деп табылды.

Башкармалыктын башчысы Марлис Асанов жыл мыктыларына Талас облустук ички иштер башкармалыгынын атайын дипломдорун, сыйлоо тасмаларын жана акчалай сыйлыктарды тапшырды.

Талас облустук ички иштер башкармалыгы атайын комиссиясынын чечими менен 2021-жылдын мыктылары болуп тѳмѳндѳгү кызматкерлер аныкталды;

- “Коомдук коопсуздук кызматынын нөөмөт бөлүгүнүн мыкты оперативдик-нөөмөткери” номинациясына Талас ОИИБнын коомдук коопсуздук кызматынын нөөмөт бөлүгүнүн оперативдик-нөөмөтчүсү Майрамбек Мамыров татыды;

- “Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын мыкты ыйгарым укуктуу оперкызматкери” номинациясы менен Талас ОИИБнын экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын ыйгарым укуктуу оперкызматкери Темирлан Бактыбеков сыйланды;

- “Криминалистикалык кызматынын мыкты кызматкери” номинациясына Кара-Буура РИИБнүн криминалистикалык кызматынын инспектор-криминалисти Бакыт Ташыбеков ээ болду;

- “Коомдук коопсуздук кызматынын милициянын мыкты участкалык уполномоченныйы” номинациясына Манас РИИБнүн коомдук коопсуздук кызматынын милициянын участкалык уполномоченныйы Дасен Турсунбаев татыды;

- “Тергөө кызматынын мыкты тергөөчүсү” номинациясы менен Талас ШИИБнүн тергөө кызматынын тергөөчүсү Ноорузбек Ашымбеков сыйланды;

- “Криминалдык милиция кызматынын мыкты ыйгарым укуктуу оперкызматкери” номинациясы менен Талас ШИИБнүн криминалдык милиция кызматынын издөө иштери боюнча ыйгарым укуктуу оперкызматкери Чыңгыз Кулубаев сыйланды;

- “Коомдук коопсуздук кызматынын жашы жете электердин иштери боюнча инспекциясынын мыкты участкалык инспектору” номинациясына Талас РИИБнүн коомдук коопсуздук кызматынын жашы жете электердин иштери боюнча инспекциясынын участкалык инспектору Самат Алмасбеков татыды;

- “Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча кызматынын мыкты ыйгарым укуктуу оперкызматкери” номинациясы менен Бакай-Ата РИИБнүн баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча кызматынын улук ыйгарым укуктуу оперкызматкери Урматбек Шерматов сыйланды;

- “Милициянын кайгуул күзөт кызматы взводунун мыкты милиционери” номинациясына Талас ОИИБнын милициянын кайгуул күзөт кызматы взводунун милиционери Ынтымак Касымбеков ээ болду;

- “Жылдын мыкты спортчусу” номинациясына ИИМдин АПБнын АООнун Талас облусу боюнча командири Айдар Ботбаев Айдар татыды.

Андан тышкары, башкармалыктын “Мыкты ардагерлер кеңеши” болуп Талас ОИИБнин “Ардагерлер кеңеши” аныкталды.

Пикир

Оставить комментарий