• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Талас облустук милициясы акыркы үч айдагы ишинин жыйынтыгын чыгарды

Аймак 0

Бишкек, 22.04.21. /Кабар/. Талас облустук ички иштер башкармалыгында облустук милициянын ишмердүүлүгүн жыйынтыктоочу ыкчам кеңешме болуп өттү.

Облустук милициянын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, кеңешмеде Талас ОИИБнин начальниги Марлис Асанов төрагалык кылып, райондук жана Талас шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн начальниктери, жетекчилери, кызмат башчылары катышты.

Күн тартибине киргизилген бир нече маселе каралып, талкууга алынды. Ар бир райондук бөлүмдүн башчылары өздөрүнө милдеттенген аймактар боюнча кеңири маалымат берип, учурдагы актуалдуу маселелер боюнча баяндама беришти.

Баяндама учурунда айрым кызматкерлердин иш алып баруусунда кемчиликтери аныкталып, аларга кетирген кызматтык мүчүлүштүктөрдү жоюу максатында көрсөтмөлөр жана тапшырмалар берилди.

Кеңешменин аягында ар бир кызмат башчыларына талаптар коюлуп, алардын аткарылышы боюнча мөөнөттөрдү белгилеп, аткаруу үчүн тапшырмалар берилди.

Пикир

Оставить комментарий