• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Талас облустук милициясы Мамлекеттик тил күнүнө арналган иш-чара өткөрдү

Коом 0

Бишкек, 23.09.21. /Кабар/. Талас облусунун ички иштер башкармалыгы 23-сентябрь - Мамлекеттик тил күнүнө карата жыйын уюштурду.

Облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, жыйынга Мамлекеттик университетинин мамлекеттик тил боюнча проректору Кундуз Жунусалиева катышты.

Анда кыргыз тилинин тарыхына токтолуп жана анын учурдагы абалы тууралуу баарлашуу болду. Жунусалиева мамлекеттик тилге токтолуп кыргыз тил бул мамлекеттеги улуттардын ортосундагы байланышуунун, пикир алышуунун куралы деп белгиледи.

“Башка тилге аралаштырбай аны таза жана так колдонуп, келечек муундарыбызга өткөрүп беришибиз керек. Ошондуктан мамлекеттик кызматтар тарабынан бардык иш кагаздар жана алып барылып жаткан иштер мамлекеттик тилде жүргүзүлүп жатат”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий