• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Талас облустук милициясы мектеп интернатынын окуучуларына жаңы жылдык белектерди тапшырды

Аймак 0

Бишкек, 29.12.21. /Кабар/. Бүгүн, 29-декабрда, Талас облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Марлис Асанов, анын орун басары Кушбеков Шукурбек Талас районунун Кумарык айылына барды.

Облустук милициясынан билдиришкендей, Кумарык айылында жайгашкан көмөкчү мектеп интернатынын окуучуларына жаңы жыл майрамдарына карата оюнчук, азык-түлүк, таттуу жана суусундуктардан турган белектерди тапшырышты.

Жаш балдарга майрамдык маанай тартуулап, куттуктоо сөздөр айтылды.

Пикир

Оставить комментарий