• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Талас облустук милициясынын башчысы жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча кеңешме өткөрдү

Аймак 0

Бишкек, 24.07.21. /Кабар/. Талас облустук милициянын жетекчиси Марлис Асанов Талас облусунун ЖКККБнын кызматкерлерине жол кырсыктарын болтурбоо максатында ыкчам кеңешме өткөрүп, жол кырсыктарынын алдын алуу боюнча иштерди күчөтүүнү тапшырды.

Облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришкендей, ал кырсыктар көп катталган жерлерди белгилеп, ошол жерлерге профилактикалык иштерди күчөтүү керектигин айтты.

Андан тышкары, кызматкерлерге кырсыктарга эмне себеп болгонун аныктап, ошол багытта кырсыктарга бөгөт коюу чараларын көрүү керектигин белгиледи.

Учурда ошол жол кырсыктарынын алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюу боюнча "Рулдамын" аттуу рейдин өткөрүүгө тапшырма берилип, ЖКККБ атайын
топторго бөлүнүп, рейддик иш-чаралар башталды.

Рейддин максаты унаа айдоочулары тарабынан жол эрежелерин сактабаган, унааны мас абалда башкарган, милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарын аткарбаган айдоочуларга чара көрүү.

Рейддин башталышы менен ЖКККБнын кызматкерлеринин ыкчам иш барууларынын негизинде унааларды текшерүү учурунда Талас районуна караштуу Кара-Суу айыл өкмөтүнөн уурдалган таза суу колонкасынын капкагы табылып алынган.

Учурда аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тиешелүү тергөө жана иликтөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий