• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Талас облустук милициясынын катары толукталды

Аймак 0

Бишкек, 23.07.22. /Кабар/. Талас облустук милициясынын катары толукталды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Талас облустук ички иштер башкармалыгына ИИМдин Э.Алиев атындагы Академиясынын 5 бүтүрүүчүсү келди. Милиция кызматкерлери Манас, Кара-Буура, Бакай-Ата жана Талас РИИБдеринин тергөө кызматына, участкалык милиция кызматына жана балдар менен иштөө инспекцияларына кызматка дайындалды.

Ошондой эле аларга бүгүн Талас ОИИБнин башчысы Марлис Асанов ИИМ Академиясынын дипломун тапшырды. "Милициянын жумушу жеңил эмес, теория менен практиканы иш жүзүнө ашыруу көптөгөн ак эмгекти, өжөрлүктү талап кылат. Силерди жыйынтыктуу иш-аракеттерди жана ийгиликтерди жаратат деп ишенем", - деди облустук милициянын башчысы.

Жаңы дайындалган кызматкерлер жетекчилик тарабынан насааттарды жана тапшырмаларды алып, толук кандуу иш алып баруу үчүн бекитилген бөлүмдөргө кызмат өтөөгө киришти.

Пикир

Оставить комментарий