• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Талас облустук прокуратурасынын жаңы имараты пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 31.03.23. /Кабар/. Бүгүн 31-мартта, Талас облустук прокуратурасынын жаңыдан курулган административдик имаратынын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирет.

Ачылыш аземге башкы прокурор Курманкул Зулушев, Талас облустук прокуратура органдарынын кызматкерлери, ардагерлери, ошондой эле жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери жана ошол аймактын жашоочулары катышты.

Иш-чарада Зулушев прокуратура кызматкерлерине мамлекеттин укуктук тутумун чыңдоо, элдин ишенимин кайтаруу, өлкө аймагында мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылуу боюнча өзүнүн конституциялык милдеттерин кынтыксыз аткаруу талабын коюп, мындан ары да кызматкерлердин эмгек шарттарын жакшыртууга, социалдык жактан коргоого көңүл буруларын билдирди.

Талас облустук прокуратурасынын эки кабаттуу административдик имараты Талас шаарынын Ч.Айтматов көчөсүндө жайгашып, кызматкерлер үчүн баардык шарттар түзүлүп, зарыл болгон заманбап жабдуулар менен камсыздалды.

Пикир

Оставить комментарий