• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Талас облустук соту алты айдын жыйынтыгын чыгарды

Аймак 0

Бишкек, 20.08.21. /Кабар/. 2021-жылдын 20-августунда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымынын орун басары Качыке Эсенкановдун катышуусунда Талас облусунун жергиликтүү сотторунун 2021-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ишмердүүлүгү боюнча видеоконференц байланышы аркылуу кеңешме өткөрүлдү. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Жогорку соттун төрайымынын орун басары Нургүл Асанова, Жогорку соттун судьясы Болотбек Акматов, Жогорку соттун соттук тажрыйбаны жалпылоо, соттук статистиканы анализдөө жана Пленумдун ишин камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Адинахан Кадырова, ошондой эле Талас облусунун жергиликтүү сотторунун төрагалары жана судьялары катышты.

Кеңешмеде Талас облустук сотунун төрагасынын орун басарлары биринчи инстанциядагы ар бир судьянын сот адилеттигин жүзөгө ашырууда иштерди кароо сапаты, анын ичинде апелляциялык тартипте даттанылган соттук актылардын бузулушунун, өзгөртүлүшүнүн себептери боюнча маалымат менен тааныштырышты. Ошону менен бирге иштерди кароодо келип чыккан суроолор талкууланды.

Талас облустук сотунун жазык иштери жана жоруктар жөнүндөгү иштер боюнча төраганын орун басары Омурлан Тункатаров статистикалык маалыматтар менен тааныштырып, анда жергиликтүү биринчи инстанциядагы соттордо 2021-жылдын биринчи жарым жылдыгында жалпы 782 иш каралганын (2020-жылы 767 иш) же 1,91% пайызга көбөйгөнүн, анын ичинен апелляциялык тартипте 39 иш даттанылганын (2020–жылы 32 иш) же 21,8% пайызга көбүрөөк даттанылганын белгиледи.

Талас облустук сотунун жарандык жана экономикалык иштери боюнча төраганын орун басары Айнура Султаналиева соттук коллегиянын ишмердүүлүгү менен тааныштырып жана биринчи инстанциядагы соттордун иштерди кароо сапаты жөнүндө маалымат берди.

Анда 2021-жылдын аталган мезгилинде жалпы 1019 иш каралса 2020-жылга салыштырмалуу (775 иш) бул көрсөткүч 31,5% пайызга көбөйгөнүн, ал эми анын ичинен апелляциялык тартипте даттанылган соттук актылардын көрсөткүчү 25% пайызга төмөндөгөнүн же 2021-жылы 54 ишти түзсө, 2020-жылы 72 ишти түзгөн. Ошону менен бирге иштердин кароо сапаты боюнча дагы башка маалыматтарга баа берилди.

Талас облустук сотунун административдик иштери боюнча төраганын орун басары Жекшеналы Курманбаев соттук коллегиянын ишмердүүлүгү жөнүндө айтып, биринчи инстанциядагы соттордун иштерди кароо сапаты жөнүндө маалыматка токтолду.

Статистикалык маалыматка караганда, Талас облусунун административдик соту тарабынан 2021-жылдын биринчи жарым жылдыгында жалпы 54 иш каралганын (2020-жылы 40 иш) же 35% пайызга көбөйгөнүн, анын ичинен апелляциялык тартипте 19 иш даттанылганын (2020-жылы 11 иш) же 8 иш боюнча соттук актыга көбүрөөк даттанылганын белгиледи жана даттанылган соттук актылардын бузулушунун, өзгөртүлүшүнүн себептерине кеңири токтолду.

Талас облустук сотунун төрагасы Мирлан Боромбаев облустун жергиликтүү сотторунун ишмердүүлүгү боюнча жалпылоо үчүн баяндама жасап, анда жергиликтүү соттордун жалпы соттук актыларынын апелляциялык жана кассациялык тартипте бузулушунун, өзгөртүлүшүнүн себептерине токтолуп кетти.

Ошону менен бирге 2021-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы иш-чаралардын аткарылышы жөнүндө маалымат берип, экинчи жарым жылдыкка коюлган пландар боюнча жана АМС анын ичинде ишти автоматтык бөлүштүрүү жана аудио жана видео жазуу системаларынын иштеши боюнча кеңири маалымат берип өттү.

Пикир

Оставить комментарий