• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Талас облустук сотунда ачык эшик күндөрү өттү

Аймак 0

Бишкек, 26-май /Кабар/. 2017-жылдын 24-майында Талас облустук соту Талас шаарынын №3 мектеп-гимназиянын 9-класстагы окуучулары үчүн «Ачык эшиктер күнүн» уюштурду. Бул тууралуу Талас облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Өткөрүлгөн иш-чара жаш муундардын зарыл болгон укуктук сабаттуулугун жана укуктук маданиятын көтөрүүгө багытталган.

Жолугушуунун башталышында Талас облустук сотунун төрайымы Калиева Клара балдар менен учурашып сот системасы эмнени түшүндүрөт, соттор кандай жумуш алып барышат, алардын ыйгарым укуктары кандай, сот системасынын ачык-айкындуу болушу үчүн кандай иштер жүрүүдө кененирээк айтып берип, улук катчылардын, жазык, жарандык жана экономикалык коллегиялардын катчылыгынын, кеңсе жана соттун архивинин иш-милдеттери менен тааныштырды, мындан тышкары соттун төрайымы сот имаратында мектеп окуучулары үчүн экскурсия өткөрүп, соттук териштирүү өткөн сот залдарын көрсөттү.

Талас облустук сотунун төрайымы К. Калиева мектеп окуучулары менен маектешүүнү улантып, ар бир жарандын мыйзамды сактоо жана сыйлоо милдети, сот кесиби жөнүндө айтып берип, келечекте кесипти туура тандоону сунуштады. Балдар өз кезегинде кызуу кызыгуусу менен соттун төрайымын угуп, келечекте ким болгулары жөнүндө бөлүшүштү. Мындан тышкары окуучулар баарлашууда активдүү катышып, аларды кызыктырган суроолорго жооп алышты.

Ачык эшиктер күнүн жыйынтыктап, Талас облустук сотунун төрайымы К. Калиева мектеп бүтүрүүчүлөрүнө алдыда боло турган экзамендерге ийгилик каалап, келечекте кесипти олуттуу мамиле менен тандоону сунуштады.

Пикир

Оставить комментарий