• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Талас облустук жатак мектебинде кемчиликтер аныкталды

Аймак 0

Бишкек, 16.02.22. /Кабар/. Талас облустук жатак мектебинде кемчиликтер аныкталды. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун катчылыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, КР Акыйкатчысынын Талас облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери Акыйкатчы институту тарабынан жарыяланган балдарды коргоонун бир айлыгынын алкагында 2022-жылдын 14-февралында Талас атайын жалпы билим берүүчү (көмөкчү) жатак мектебине барып, мектепте окуп, жашап жаткан балдардын тиричилик шарттарына жана тамак-ашына мониторинг жүргүзүштү.

Акыйкатчынын өкүлдөрү барган учурда балдарга түшкү тамак берүү убагы болгон.

"Балдарга кызылча салат менен экинчи тамакты бир идишке салып беришти. Ашпозчу мунун себебин 121 окуучунун баарына идиш-аяк жетишсиз экендиги менен түшүндүрдү. Бирок, ошол эле учурда Акыйкатчы институтунун кызматкерлери шкафтын текчелеринде тамак-аш таратууга колдонулбаган кошумча идиштер бар экенин көрүшкөн”, - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Ашпозчу түшүндүргөндөй, бул ашкананын кызматкерлеринин үйлөрүнөн алып келген идиштери жана алар бардык мектеп окуучуларын камсыз кылууга жетпейт.

Жатак мектебинде аныкталган кемчиликтер боюнча КР Акыйкатчысынын Талас облустук өкүлчүлүгү тарабынан облустук органдарга тиешелүү кайрылуулар жолдонот.

Пикир

Оставить комментарий